Биз менен байланышыңыз

Санариптик өнүктүрүү министри калкты тейлөө борборуна күтүүсүз барды (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 342 | 0

Бүгүн, 13-апрелде Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Бишкектеги Жибек Жолу, 381 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барды.

Ал борборго келген элдин көйгөйлөрү жана кызматкерлердин иши менен таанышты. Ошол учурда балдарды мектепке жана бала бакчага каттоого байланыштуу кайрылгандардын агымы көп болуп жаткан.

Талантбек Иманов тейлөө борборунун кызматкерлерине жарандардын кайрылууларын тезирээк карап чыгууну жана кезек күтүүнү мүмкүн болушунча азайтууну тапшырды. Мекеменин жетекчисине келгендер менен дайыма байланышта болуп, жалпы бөлмөдө болууну милдеттендирди.

Министрликтин маалыматына караганда, мындан ары калкты тейлөө борборлоруна күтүүсүз текшерүүлөр көбүрөөк уюштурулат.

Кыргызстанда 11-апрелден тарта балдарды мектепке электрондук каттоо башталган. Кезек күткөн ата-энелердин саны көп болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM