Биз менен байланышыңыз

Милиция каржы пирамидаларына, кооперативдерге алданбоого чакырды

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 175 | 0

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырган видеоролик даярдады. Анда каржы пирамидаларына, тармактык маркетингдерге, турак жай, автоунаа, тиричилик буюмдарын сатып берүүнү убадалаган кооперативдерге катталууда сак болуу керектиги айтылат.

Ошондой эле акча салса тез арада көбөйөрүн белгилеген түрдүү криптовалюталарды сатып алууда ойлонуп чечим чыгаруу зарылдыгы эскертилет.

Телефон алдамчылары да ар кандай жолдор менен жарандардын ишенимине кирип, каржылык чыгымга алып келиши мүмкүн.

«Каржы пирамидаларынын уюштуруучулары эл арасында таанымал адамдар аркылуу өз компаниясын жарнама кылууга өтүштү. Аларга батир же унаа алып беришкенин айтып, белгилүү адамдар аны алганын тастыкташып социалдык тармактарга жүктөшүүдө. Буларды көргөн карапайым адамдар араң топтогон акчасын каржы булактарына тапшырып, чыгымга дуушар болууда», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл акыркы 3 айда турак жай кооперативдерине 73 кылмыш иши козголгон. Андан 139 адам жабыркап, 66 млн 641 миң сом чыгымга учураган. Мындан тышкары 30 жарандын кайрылуусу текшерилип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM