Connect with us

Кыргыз-тажик чек арасы: Достук айылындагы себепсиз башталган чыр

Саясат | 13 Апр 2022 | 660 | 0

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Тажиктер аткан миномёттун огунан Кыргызстандын эки чек арачысы жарадар болду. Түнкү саат 3:00дө «Кулунду» өткөрүү пунктунда эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, чатак басылды. Бул жолку чырлашууга эмне себеп болду, учурда жалпы абал кандай? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

12-апрелде Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Достук айылында кайрадан ок атылды. Саат 21:17 чамасында эки тараптын жетекчилиги сүйлөшүп жаткан учурда тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.

Лейлек районунун Арка айылынын тургуну Сабира атышуу учурунда үйдүн жер төлөсүнө кирип кетишкенин, октун үнү басаңдап калган кезде тоо таяна качышканын айтып берди.

«Биз кечээ кайнагам ифтар кылып, эч нерсени билбей ооз ачарда жүрдүк эле. Келиндер баарын жыйнаштырып, эркектердин баары таравага кеткен. Жыйнап бүтүп, турсак, ок атыла баштады. Балдарыбыз менен үйдүн жер төлөсүнө жүгүрдүк. Ызылдап, 4 аял балдарыбыз менен кирип алганбыз. Жөн эле үстүбүздөн октор жаап жатты, миномёт таштаптыр да. Тарс-тарс деген октун алдында калып, балдарыбыз коркуп ыйлап, өзүбүздү араң кармап турдук. Бир аз басаңдап калганда эркектерибиз келди. Машинага отуруп эле жаныбыз барынча тоого өрлөп кете бердик. Телефон байланыш жок жерге барып, «тынчыса түшөбүз» деп отурдук. Эртең менен саат жетилерде үйүбүзгө келдик, азыр баштыктарыбызды даярдап отурабыз. «Кечээкидей тыгынга калып кетпейли» деп, эл тоого карай кетип жатат».

Кечээки атышуудан кийин 18 миңге жакын жаран үйлөрүн таштап, коопсуз жайларга чыгып кетишкен. Бүгүн алардын ичинен 9 миңдей адам өз үйүнө кайткан. Башкалар да акырындан көчүп келе баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Максат айылынын тургуну Айгүл Тагаева айылдаштары кайрадан айылына көчүп башташканын, абал тынч экенин айтып, буларга токтолду:

«Биз кечээ кечки алтылар чамасында «Достук айылындагы заставаны тажиктер атып жатат экен» деп угуп калдык. Анан кийин жолдошум: «Тез апамды алып чыккыла», — деди. Өзү талаага мал бакканы кеткен болчу. Үйдө 90 жаштагы апам, анан бир бала бар эле. Апамды, коңшу кемпирди, неберелерди, келинди алып, коңшу Оочу айылына өз апамдын үйүнө барып, ошол жакта түнөп калдык. Үйгө кайра эртең менен эрте туруп өзүм келдим. Кайненем 90го кирген, бир ордунан кыймылдай албайт, ошого аларды, неберелерди, келинди таштап келдик. Азырынча өзүбүз үйдөбүз, айылда тынччылык эле. Жанымдагы коңшулар да кайтып келди. Биздин айылда аскерлер көбөйүп, ары-бери басып көзөмөл кылып отурат. Эми Кудай сактасын, тынч эле болсо экен деп отурам!»

Бүгүн саат 11:00дөн 12:30га чейин кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу жолугушуунун экинчи бөлүгү болуп өттү. Ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдикарим Алимбаев буларга токтолду:

«Биринчи маселе катары кечээки окуядан кийинки жолугушууда кабыл алган чечимдерди ишке ашырууну сүйлөштүк. Аскердик техникаларды, өздүк аскердик курамды алып чыгып кетүү боюнча иштер жүрүп жатат. Экинчи маселе окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча Аскердик прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат. Үчүнчү маселе катары Ханыбадам-Исфара-Арка трассасында биргеликте милиция кызматкерлери күзөт жүргүзүп жатат. Азыркы учурда биз жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштүк. Бүгүн мен Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушам. Жалпылап алганда, чек арада абал тынч».

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгону менен эч кандай жыйынтык чыкпай келгенин сынга алды.

«Лейлектиктердин жашоосу тынч эмес, мына кечээ эле көрдүңүздөр, кандай кыйынчылык менен эвакуацияланып жатканын. Бул качанга чейин уланат, буга кандайдыр бир чекит коюшубуз  керекпи? Биринчи кезекте чепти бекемдебей туруп, башка өнүгүү жөнүндө сүйлөбөй эле койсок болот. Мына өткөн жылкы куралдуу кол салуудан кийин бир жылдан бери чек ара заставаларынын, аскерлеринин саны көбөйгөнү боюнча маалымат алган жокпуз. Элдин коопсуздугун бекемдеген кандай иш-чаралар болуп жатат, эмне үчүн кайра кайталанып жатат?»

Ал эми чек ара маселеси боюнча адис, 1997-2010-жылдары Өкмөткө караштуу Чөлкөмдүк маселелер агенттигинин башчысы болгон Саламат Аламанов мындай окуялар кайталанбашы үчүн абал административдик жетекчилер жана чек арадагы өкүлчүлүктүн деңгээлинде күнү-түнү көзөмөлдөнүшү керектигин белгиледи.

«Аймактык административдик жетекчилер жана чек арадагы өкүлчүлүктүн деңгээлинде коңшулар менен тынбай пикир алышып, эмне болуп жатканын байкап туруу керек. Алардан күндө «кандай болуп жатабыз?» деп сурап туруу керек. Мен ошондой эле түшүнүп жатам. Алар кокусунан келип эле жанакыдай ишке барып жатпаса керек. Белгилүү себеби бар же ошондой планы бар. Ошондуктан район, облустагы жетекчилер сурап турбаса, окуя болгондон кийин «эки тарап жолугушуп, аскерлерди эки жакка алып кеттик» деп эле маалымат берип жатышпайбы. «Аскерлериңер жайындабы? Кандайсыңар? Тынчпызбы?» деп сурап туруу керектигин ойлоп жатам. Болбосо алардын чек арачылары деле чек ара сызыгы кайсы жерде экенин билет».

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 14 аскер жаракат алган. Жаңжалдын келип чыгуусуна Тажикстандын жарандары Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышканы себеп болгон.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-29-30-апрелинде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. Ошондой эле 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM