Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Нарында Куланак ГЭСи курула баштады

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 296 | 0

Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 мВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу укугу берилди.

Ал «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун өздүк каражаттарынын эсебинен салынат. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жыл, тосмонун бийиктиги 27 метрди түзөт.

Куланак ГЭСин куруу долбоору «Ленгидропроект» АК тарабынан иштелип чыккан. Ал — гидроэнергетика жана суу чарба курулуштарын долбоорлоо, өзгөчө татаал геологиялык аймактарда гидротехникалык курулуштарды курууну көзөмөлдөө боюнча кызматтардын толук комплексин көрсөткөн эң эски орус изилдөө институту.

Нарын дарыясына жалпы кубаттуулугу 6, 2 гВт болгон 30 ГЭС курууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM