Биз менен байланышыңыз

14-апрелде көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 168 | 0

Эртең, 14-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас, Баткенде жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтү, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Чүйдө түнкүсүн 15-20 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM