Биз менен байланышыңыз

Алимбаев чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгын айтты (видео)

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 383 | 0

Бүгүн 13-апрель саат 11:00дөн 12:30га чейин кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу жолугушуунун экинчи бөлүгү болуп өттү. Ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буларга токтолду:

«Биринчи маселе катары кечээки окуядан кийинки жолугушууда кабыл алган чечимдерди ишке ашырууну сүйлөштүк. Аскердик техникаларды, өздүк аскердик курамдарды алып чыгып кетүү боюнча иштер жүрүп жатат. Экинчи маселе окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча Аскердик прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат. Үчүнчү маселе катары Ханыбадам-Исфара-Арка трассасында биргеликте милиция кызматкерлери күзөт жүргүзүп жатат. Азыркы учурда биз жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштүк. Бүгүн мен Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушам. Жалпылап алганда чек арада абал тынч», — деди Алимбаев.

Кечээ кыргыз-тажик чек арасындагы «Кулунду» өткөрүү пунктунда эки тараптуу сүйлөшүү болгон. Жолугушуу түнкү саат 03:00дө башталып, 04:00дө аяктаган. Ага Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, чек ара кызматынын башчысы жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Саат 21:17 чамасында эки тараптын жетекчилиги сүйлөшүп жаткан учурда тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM