Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тургундар үйүнө кайта баштады (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 556 | 0

Бүгүн, 13-апрель саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 миң 799 жарандын ичинен 8687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтканын билдирди.

Ал эми ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.

Мындан сырткары 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техника даярдыкта турат. Жарандарды ташуу үчүн райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 бирдик унаа тартылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM