Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда мугалимдерге улуттук кийим кийүү милдеттендирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 575 | 0

Түркмөнстан бийлиги мектеп окуучуларынын, мугалимдердин жана айрым мамлекеттик кызматкерлердин сырткы көрүнүшүнө көзөмөлдү күчөттү.

Turkmen.news басылмасынын маалыматына караганда, Ашхабаддагы окуучу кыздарга билерик, чынжыр жана башка зер буюмдарды тагынууга тыюу салынды. Ошондой эле мугалимдерге улуттук кийим кийүү милдеттендирилди.

Жеке булактардын маалыматына караганда, мектепке улуттук кийим менен келүү талабы түркмөн мугалимдерге гана коюлган. Ал эми башка улуттун өкүлдөрүнө, мисалы, орустарга өздөрү каалагандай кийинүүгө тымызын уруксат берилген.

Анткен менен дресс-код ар кайсы мекемеге ар кандай белгиленди. Айрым мекемелердин кире беришине кийинүүнүн үлгүсү тартылып коюлду.

Мындан ары Автотранспорт министрлигине эркектер классикалык костюм, аялдар улуттук кийим, кемсел кийип, жоолук салынып келиши керек.

Каржы министрлиги аялдардан узун кийинүүнү, дене түзүлүшүн көрсөтпөөнү гана өтүнүшкөн. Анын улуттук стилде болушу шарт эмес.

«Түркмөнгеология»  мамлекеттик корпорациясы 8-апрелде атайын буйрук чыгарды. Анда кызматкерлерге дүйшөмбүдөн тарта түркмөн улуттук кийимин кийип, жоолук салынып келүү талабы коюлду. Буйрукту аткарбагандар арызын жазып жумуштан кетүүгө мажбур болот.

Айрым булактар талаптар катаалдай баштаганын белгилешет. «Бул жаңы президент Сердар Бердымухамедовдун каалоосу экенин айтышууда», — дешет алар.

Которгон: Айкүмүш Кеңешбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM