Биз менен байланышыңыз

Депутат чек ара боюнча комиссияга жергиликтүү аксакалдарды кошууну сунуштады

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 246 | 0

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Миргүл Темирбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын курамына чек араны мыкты билген жергиликтүү аксакалдарды кошууну сунуштады.

Анын пикиринде, комиссиянын курамында Кыргызстандын кызыкчылыгын өзгөчө коргой турган адистер, билимдүү жергиликтүү тургундар да болушу керек.

Ошондой эле ал эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгону менен эч кандай жыйынтык чыкпай келгенин сынга алды.

«Лейлектиктердин жашоосу тынч эмес, мына кечээ эле көрдүңүздөр, кандай кыйынчылык менен эвакуацияланып жатканын. Бул качанкыга чейин уланат, буга кандайдыр бир чекит коюшубуз  керекпи? Биринчи кезекте чепти бекемдебей туруп, башка өнүгүү жөнүндө сүйлөбөй эле койсок болот. Мына өткөн жылкы куралдуу кол салуудан кийин бир жылдан бери чек ара заставаларынын, аскерлеринин саны көбөйгөнү боюнча маалымат алган жокпуз. Элдин коопсуздугун бекемдеген кандай иш-чаралар болуп жатат, эмне үчүн кайра кайталанып жатат?» — деп суроо салды Темирбаева.

Мындан сырткары ал парламент катары жогорудагы суроолорго жооп алып берүүнү төрага Талант Мамытовдон суранды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM