Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште Абдыбахаб Боронбаев ант берди

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 247 | 0

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Абдыбахаб Боронбаев ант берди.

Абдыбахаб Боронбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык ишинде Абдыбахап Боронбаевдин аты аралашкан. УКМКнын маалыматы боюнча Боронбаев жана Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев коррупцияга айыпталаган.

Матраимов мамлекетке 2 млрд сом, Нурлан Ражабалиев 12 млн сом, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөп, абактан бошотулган. Нурлан Ражабалиев азыр №2 Баткен округунан Жогорку Кеңештин депутаты.

Өмүр баяны:

Боронбаев 1968-жылы 26-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тельман айылында туулган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетин «бухгалтердик эсеп жана чарбалык иштерди талдоо» адистигинде аяктаган.

Эмгек жолу:

1993-1995-жылдары – Кара-Суу райондук керек-жарак союзунун соодагери;

1996-1999- жылдары – Ош бажысынын инспектору;

1999-2003- жылдары – Мамлекеттик бажы инспекциясынын улук инспектору;

2004-2005-жылдары – Кирешелер комитетинин инспектору, Бишкек бажысынын «Ак жол» бажы постунун инспектору;

2005-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын бажы башкармалыгынын бажылык коргоо бөлүмүнүн башкы инспектору;

2006-2008-жылдары – «Ак-Тилек» бажы постунун улук инспектору;

2008-2012 — «Кара-Балта» постунун бажылык тариздөө бөлүмүнүн улук инспектору;

2012-жылы — Укук коргоо борборунун Бажы талаптарын сактоо тобунун инспектору;

2013-2014 — Ош шаары, Түштүк-Батыш бажысынын Бажы жол-жоболору борборунун бажы бөлүмүнүн башкы инспектору;

2014-2015 — өткөрүү пунктунун начальниги, алдын ала бажы процедуралары тобунун нөөмөтүнүн начальниги, Ош шаары;

2015-жылы Баткен Борбордук бажы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, башчысынын милдетин аткаруучу;

2015-2016 — «Баткен» бажысынын начальниги;

2016-жылдын апрелинен 2018-жылдын августуна чейин «Манас» бажысынын башчысы;

2018-жылдын 24-августу – 4-октябрь, 2019-жыл – Түндүк-Чыгыш бажысынын башчысы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM