Биз менен байланышыңыз

Баткен: Мурдагы айыл өкмөт башчылар үй камагына чыкты

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 229 | 0

Баткендин Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу адвокат Асылбек Кунгуров кабарлады.

«Баткен облустук соту 13-апрелде алардын баш коргоо чарасын карады. Соттун чечими менен 24-майга чейин үй камагына чыгышты. Ошондой эле тергөө менен кызматташып, толук жана объективдүү жүрүшү үчүн бардык көрсөтмөлөрдү, маалыматтарды, тиешелүү документтерди берип, кызматташууга даяр», — дед адвокат.

24-мартта Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саатбек Эгембердиев, аталган айыл өкмөттүн катчысы Алишер Абдуллаев жана Бешкент айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалилов кармалган. Алар мамлекеттик мүлктөрдүн мыйзамсыз менчиктешип кеткенин ачык айтып чыккандан кийин кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM