Биз менен байланышыңыз

Камила Талиева «Арка — Маргун» жолун курууну кайра көтөрдү

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 187 | 0

Кечээки чек арадагы окуяда 18 миңден ашык эл көчүрүлдү. Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылындагы жаш балдар, кары-картандар, аялдар түнү менен азап чегишти. Мен «Арка — Маргун» жолу стратегиялык жол экенин байма-бай айтып келе жатам. Муну тез арада чечүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган жол өзгөчө абал учурунда өтө маанилүү.

«Ушул жолду эртерээк оңдобосок болбойт. Түнү менен ал жолдо эл кыйналды. Албетте, чек арачылар менен аскер кызматкерлери ыкчам реакция кылып, жардамдарды берди. Бирок эл да эвакуация боло берип, кача берип тажайт экен. Жок дегенде өкмөт шарт түзүүдө ыкчам чараларды көрүшү керек болуп жатат. Жок дегенде ошол жолду карап койгула», — деди Талиева.

Өткөн жылдын май айында президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусунун чек арадагы Максат, Достук жана Борбордук айылынын эли менен жолугушкан, анда жергиликтүү тургундар президенттен «Арка — Маргун» жолун оңдоп берүүнү суранышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM