Биз менен байланышыңыз

Дыйкандар нааразы. Депутаттар жазгы талаа иштери боюнча өкмөттү сындашты

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 173 | 0

Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында бир топ депутат жазгы талаа иштери тууралуу маалымат угууну талап кылышты.

Эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев жер-жерлерде үрөн, күйүүчү май, жер семирткич жетпей жатканын айтты. Буга чейин Министрлер кабинети жазгы талаа иштерине даярдыктар жакшы деп маалымат бергени менен дыйкандарга эч нерсе бериле элек экен.

«Жерибиз кургап жатат, үрөн келе элек», — деп кайрылып жатышат. Министрлер кабинети жана Айыл чарба министрлиги эле эмес, мамлекеттик банктарды, Матрезервдин өкүлдөрүн парламентке чакырып, маалымат алалы. «Жаздын бир күнү бир жылга тете» дейт, эмнеге иштер аткарылбай жатканы тууралуу маалымат угуу керек», — деди депутат Түмөнбаев.

Дагы бир эл өкүлү Шайлообек Атазов агрардык тармакка миллиарддаган акча бөлүнүп жатканын, бирок ал айыл өкмөттөрүнө жете электигин сындады.

Мындан тышкары суу таңкыстыгынан улам дыйкандар митингге чыкканын эске салып, ирригация системасын чечүүнү талап кылды.

«Ирригация системасына млрд сом бөлүндү, бирок максатсыз. Биз мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөп, маалыматтарды угушубуз керек», — деди Атазов.

Депутат Нурланбек Шакиев айыл чарбасына бөлүнгөн насыя тууралуу маселе көтөрдү. Анын айтымында, Жалал-Абаддын Аксы районуна былтыр 65 млн сом жеңилдетилген насыя бөлүнгөн. Быйыл 45 млн сом гана каралган.

«Сөз жүзүндө «каражат эки-үч эсе көп бөлүндү» делгени менен иш жүзүндө таптакыр башкача көрүнүш болуп жатат. Мага кайрылгандар көп болууда. Биз «Айыл банк», «РСК банктан» так маалыматтарды алышыбыз керек. Себеби парламентте айтылган сөздөрдүн көбү чындыкка коошпой жатат», — деди Шакиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM