Connect with us

Кыргызстандан 55 кылмыш жасоого шектелген казак жараны кармалды

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 401 | 0

Бишкекте казакстандык аял алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

11-апрелде Октябрь райондук милициясына Б.А. жана Ю.А. аттуу адамдардын үстүнөн арыз түшкөн.

Маалым болгондой, айтылган адамдар 2021-жылдын сентябрь айынан тарта социалдык тармактар аркылуу инвестициялык компаниянын таанытымын жасап, элди катарына кошулууга үндөшкөн. Алар Казакстандан 1 млн доллар доллар инвестиция келгенин, анын эсебинен 7%дык өлчөмдө 10 жылдык мөөнөт менен батир алса болорун айтышкан.

Алдын ала төлөм катары катталган адамдардан 1 миң 840 доллардан алышкан. Андан соң белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул иш бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши ачылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө бул адамдар ушул өңдүү жалпы 55 кылмыш жасашканы белгилүү болгон.

Айтылган кылмышка шектелип, Казакстандын 1989-жылы туулган жараны Б.А. кармалды. Ал эми Ю.А. учурда изделип жатат.

Кармалган шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү эгер айтылган адамдарга алданып калгандар болсо, «102» кызматына же 0 (554) 102-164, 0(706) 233-306 номерлерине кабарлап коюуга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM