Connect with us

Министрлик: Чек арадагы атышууда эки аскер жараат алды

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 237 | 0

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда жабыркаган эки аскер Лейлек райондук жалпы дарыгерлердин практика борборуна түштү. Аларга минанын чачырандылары тийген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бир жабырлануучу ооруканада жатат, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орто.

Экинчи жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Саат 21:17 чамасында эки тараптын жетекчилиги сүйлөшүп жаткан учурда тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.

Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 03:00 дө башталып, 04:00дө аяктады. Ал «Кулунду» бекетинде болду.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM