Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Журналисттердин иликтөөсүндө айтылгандар жаңылык эмес

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 226 | 0

Журналист Али Токтакуновдун «МедиаХаб» коомдук фонду энергетика тармагындагы коррупция тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялады. Анда эки күмөндүү схема ачык көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратура иликтөөдө айтылган фактылар боюнча 12-апрелде маалымат жыйын өткөрдү.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидиновдун айтымында, видео тасмада айтылган фактылар жаңылык эмес, ал иш боюнча учурда төрт кылмыш иликтенип жатат. Алар: 2016-жылдагы жана 2020-жылдагы Эсептөө палатасынын аныктамасынын негизинде козголгон иштер. Ал эми журналисттик иликтөөдөгү фактылар 2021-22-жылдарга  тиешелүү.

«Ошондуктан бул маалыматтар жаңы эмес, алар буга чейин эле катталган. Текшерүү аракеттери жүргүзүлүп, прокруратура кызматкерлеринде толук маалымат бар. Тергөөчүлөрдүн саны өтө көп эмес, бирок ага карабастан район-шаарларда текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат, 80 пайызы бүттү. Мамлекетке 49 млн сом өндүрүлдү. Бул ишти улантып, ар бир карыздын мыйзамдуулугун текшерип, юридикалык баа берип, жыйынтыгына чыгабыз» , — деди ал.

Журналисттик иликтөөдө айтылган фактылар тууралуу:

Электр энергиясына жалпы 35 млн сом карызы бар деп жазылган Чүйдөгү 827 абонент тууралуу документ журналисттердин колуна тийген. Иликтөөчүлөр бул карыздардан күмөн санап, тизмедеги даректердин 50дөн ашуунун кыдырып, текшерүүгө жетишкен. Анда кеминде 27 даректе эч ким жашабаганын, айрымдары эбак урап, пайдубалы гана калганын аныкташкан.

«Электр энергиясын колдонбогон жок абоненттерге миңдеген сом карызды илип, кийин «төлөй албай калды» деген шылтоо менен жойдуруп жиберген ыкма эл арасында «Ширшовдун схемасы» деп жайылган. Ал эми «өлүү жандар» сарптады деген электр энергиясын чынында башкалар колдонуп, акчасын тийиштүү тараптар бөлүп алышарын эксперттер  белгилешет», -деп айтылат иликтөөдө.

Иликтөөдө айтылган экинчи күмөндүү схема абоненттердин төлөмдөрүндөгү айырма боюнча. Талас облусундагы электр колдонуучулар банк аркылуу «Түндүкэлектрге» которгон төлөмдүн жарымы ишкананын ички базасынан жок болуп кеткен.

Мисалы, 2019-жылдын апрелинде Таластын Покровка айыл өкмөтү электр энергияга 200 миң сом төккөн. Бирок системада айыл өкмөт 100 миң сом гана төлөдү деп көрсөтүлгөн. Ал эми калган 100 миң сомду «Гортис» аттуу компания төлөдү деп киргизилген. Ошол эле учурда «Гортис» электр энергиясы үчүн убагында төлөп келгенин, болгону накталай беришкенин билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM