Биз менен байланышыңыз

Орусияда COVID-19га каршы жаңы дары чыгарылат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 291 | 0

Орусия Өкмөтү «Мир-19» аталышындагы коронавирус инфекциясына каршы жаңы препаратты чыгарууга 387 миллион рубль бөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Бөлүнгөн каражат Федералдык медициналык-биологиялык агенттиктин (ФМБА) Иммунология институтуна жабдууларды сатып алууга жумшалат.

«Мир-19» препаратын буга чейин Орусия Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы дары-дармектин тизмесине киргизген. Дары өткөн жылдын декабрь айында катталып, 2022-жылдын февраль айында клиникалык сыноолорду өткөрүүгө уруксат берилген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM