Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо макулдашылды

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 2053 | 1

Бүгүн, 12-апрелде «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» өткөрүү пунктунда  кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышты.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана чек аралаш аймактардагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында:

  • Чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. Аталган комиссия эртең, 13-апрелде Лейлек районунун аймагында жолугушат;
  • Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө;
  • Ошондой эле чек арага жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо боюнча эки тарап макулдашты.

1 пикир

1 пикир

  1. Бахти Бишкескиский

    13.04.2022 07:03

    Буд тузиктер эч качан тушунбой. Иттер качан эле адамдын айтканын тушунчу эле, буларды кекиртегинен кысып кармаш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM