Биз менен байланышыңыз

Apple Индияда iPhone иштеп чыгара баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 367 | 0

Apple компаниясы Индиядагы заводунда iPhone 13 маркасын өндүрүүнү жолго коёт. Бул тууралуу индус басылмалары жазды.

Маалыматтарга ылайык, өндүрүш иштери пландалган убакыттан үч айга кечиккен. Буга Индиянын Ченнай шаарындагы Foxconn заводундагы өтө начар эмгек шарт себеп болгон.

Аталган заводдун иши көпчүлүк жумушчулардын арыз-даттанууларынан соң убактылуу токтотулган. Жумушчулардын айтымында, заводдогу жатаканаларда санитардык абал такыр сакталган эмес. Натыйжада 250 жумушчу жугуштуу ооруга чалдыккан.

Учурда абал жөнгө салынып, Foxconn заводу Apple компаниясынын iPhone 13 маркасындагы смартфондорун өндүрө баштаары маалым болду.

Apple компаниясы Индиядан сырткары Вьетнам жана Индонезияда да өз өнүмдөрүн өндүрүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM