Биз менен байланышыңыз

70 жаштагы Шахбаз Шариф Пакистандын жаңы өкмөт башчысы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 304 | 0

Пакистандын жаңы өкмөт башчысы Шахбаз Шариф болду. Анын бул кызматка талапкерлиги жекшемби күнү оппозициячыл партиялар тарабынан сунушталган болчу.

Парламенттеги добуш берүү учурунда Шахбаз Шарифти 342 депутаттын 174ү колдоду. Натыйжада ал Пакистандын тарыхында 23-өкмөт башчы болду.

Шахбаз Шариф «Пакистан мусулмандары лигасы» партиясынын жетекчиси болуп саналат. Учурда 70 жашта. Ал буга чейин Пакистандын 3 жолку өкмөт башчысы болгон Наваз Шарифтин бир тууган иниси.

 Белгилей кетсек, өткөн жекшембиде Пакистандын парламенти өкмөт башчы Имран Ханга ишенбөөчүлүк вотуму жарыялап, жыйынтыгында ал кызматынан четтетилген. Кечээ, 11-апрелде Имран Хандын тарапташтары борбор калаа Исламабадда нааразычылык акцияларына чыгышкан. Имран Хан өзүнө көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүктү саясий кутум деп баалап, мында АКШнын колу бар деп эсептейт. Эксперттер Имран Хан соңку учурларда Кытай жана Орусия менен стратегиялык өнөктөштүккө ыктап келгени айтышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM