Connect with us

13-апрелде көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 211 | 0

13-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Баткен, Талас, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM