Биз менен байланышыңыз

«Альянс Алтын» Кыргызстанга 35 марал сатып алууну каржылайт

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 277 | 0

«Альянс-Алтын» компаниясынын алдындагы «Бакубат Талас» фонду 35 марал сатып алуу үчүн 2,5 миллион сом бөлөт.

Маралдарды Алтай Республикасынан алып келип, тоого коё беришет.

Бул иш президенттин «2022-жылды Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жасалууда.

Ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Үрмарал аймагындагы антропогендик себептерден улам жок болуп кеткен маралдардын популяциясын калыбына келтирүүгө, көбөйтүүгө маани берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM