Биз менен байланышыңыз

«Балыкчы — Кочкор» темир жолу кайсы акчага курулары айтылды

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 383 | 0

Кыргызстан биринчи жолу өз күчү менен темир жол сала баштады. 2030-жылга чейин толук бүткөрүлүшү пландалып жаткан «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун жалпы узундугу 186 километрди түзөт. Алгачкы этабында узундугу 63 километр болгон «Балыкчы — Кочкор» темир жолу салынат. 1 километр жолду куруу бүгүнкү күндө 1 млн 800 доллардан айланууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Сакиев билдиргендей, «Балыкчы — Кочкор» темир жолун 3 жылдын ичинде куруу пландалып жатат.

«Башка өлкөлөрдө темир жол куруунун 1 километри 4,5-5 млн доллар. Арзан жасагандардын ичинен Монголияда 2,5 млн доллар болчу. Бирок алар аскерде кызмат өтөгөндөрдү иштетишкен. Бизде андай жок, баары Эмгек кодексинин негизинде айлык менен иштейт. Биздики азыр өтө арзан чыгып жатат. Толугу менен бюджеттен акча албай, өзүбүздүн каражатка салып жатабыз», — деди Сакиев.

Ошондой эле ал быйыл аталган жолдун 5 чарчы метрин куруп бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 31-мартта «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун курулушу расмий түрдө башталган.

Copyright © 2017 Maral FM