Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк: Экономика кыскарып, инфляция күчөйт

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 204 | 0

Дүйнөлүк банк Украинадагы аскерий аракеттер жана Орусияга каршы санкциялар бүткүл дүйнөнүн экономикасына сокку урууда деген тыянак чыгарды.

Айрыкча, Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү экономикасы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер оорчулукту көрөрү күтүлүүдө.

Дүйнөлүк банктын болжолунда быйыл бул аймактын экономикасы салыштырмалуу 4,1% га кыскарат.

Бул акыркы бир нече жылдагы экинчи төмөндөө жана 2020-жылдагы пандемиядан эки эсе көп кыскаруу болот.

Дүйнөлүк банк 2022-жылы экономикалык каатчылык Орусия менен Украинада гана эмес, Беларуста, Кыргызстанда, Молдовада жана Тажикстанда да болорун болжолдоодо.

«Буга байланыштуу өкмөттөр тобокелдиктерди кармап туруу жана соода, инвестициялык каналдардын туура бөлүнүшүн башкаруу үчүн макроэкономикалык буферлерди, саясий ишенимди күчөтүшү керек. Калктын аялуу катмарын, анын ичинде качкындарды коргоо үчүн социалдык коопсуздук тармактарын чыңдоого жана энергетикалык натыйжаны жакшыртууга көз салып турушу керек», — деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын аягына чейин экономика 5% кыскарып, инфляция 18%дан ашат. Бул негизинен керектөөнүн жана инвестициянын кыскарышы, акча которуулардын азайышы менен шартталат. Кырдаал турукташып, инвестиция келе баштаса, 2023-жылы өсүш 3,2%га, 2024-жылы 4%га чейин калыбына келери күтүлүүдө.

Буудайдын импортунун 40%га жакыны Орусия менен Украинанын үлүшүнө, ал эми Борбордук Азия менен Түштүк Кавказда 75 пайызга жакыны же андан да көбү туура келет. Орусия ошондой эле көптөгөн өлкөлөр үчүн негизги экспорттук багыт болуп саналат. Орусиядан акча которуулар Борбордук Азиянын кээ бир өлкөлөрүндө (Кыргыз Республикасы, Тажикстан) ИДПнын 30 пайызга жакынын түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM