Биз менен байланышыңыз

Сакиев: «Кыргыз темир жолунда» учурда коррупциялык схема жок

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 304 | 0

Өткөн жылы Транспорт менен коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 1 млрд 500 млн сом киреше тапты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Сакиев билдиргендей, кирешенин негизги бөлүгү жүк ташуудан түшкөн.

«Темир жол менен жарандарды ташуу эч качан кирешелүү болбойт. Жыл сайын 300-400 млн сом жарандарды ташууда чыгаша болуп келген. 2020-жылдан азыркы убакка чейин эл аралык каттамдар токтоп тургандыктан, аталган суммада да кирешенин бир бөлүгү катары айтсак болот. Ошондой эле биз азыр бардык станцияга ККМ машиналарын орноттук, аны менен коррупциялык тобокелчиликтер азайды. Жүктүн келүүсү жыл сайын 50 миңден 100 миң тоннага чейин көбөйөт. Эң негизгиси, учурда коррупциялык схемалар жок. Мурда коррупциялык схемадан улам жүктөр катталбай келген» , — деди Сакиев.

Эске салсак, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан мыйзамсыз каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схемага шектелип кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM