Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бир катар көчөлөрү, тротуарлары оңдолот (тизме)

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 298 | 0

Бишкек шаарындагы тогуз көчөнүн жолу жана жети көчөнүн тротуары оңдолот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоло турган жолдордун узундугу 8,6 чакырымды түзөт.

  • Месарош көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчиновго чейинки бөлүгү;
  • Эр Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешиктен Репинге чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
  • Жунусалиев көчөсүнүн Эр Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
  • Садыбакасов көчөсүнүн Эр Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
  • Курултай көчөсүнүн Магистралдан Кожомкуловго чейинки бөлүгү (Ынтымак конушу);
  • Ак-Ордо көчөсүнүн Барпы Алыкуловдон Тагай бийге чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу);
  • Шералиев көчөсүнүн 18-көчөсүнөн Түндүккө чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
  • Интергельпо көчөсүнүн Кең-Суудан Дэн Сяопинге чейинки бөлүгү;
  • Сыдыков көчөсүнүн Калык Акиевден Турусбековго чейинки бөлүгү.

Ал эми жасала турган тротуарлардын узундугу 13,1 чакырымды түзөт.

  • Тагай бий көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордого чейинки бөлүгү (чыгыш тарабы);
  • Садырбаев көчөсүнүн Семетейден Жайыл баатырга чейинки бөлүгү (батыш тарабы);
  • Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
  • Өмүр көчөсү Барпы Алыкуловдон Кырк-Кызга чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
  • Чүй проспектисинин Бейшеналиевден Жаш Гвардияга чейинки бөлүгү (эки тарабы тең);
  • Алтымышев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
  • Асаналиев көчөсү Гагаринден темир жол линиясына чейинки бөлүгү (эки тарабы тең).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM