Бишкек шаарындагы тогуз көчөнүн жолу жана жети көчөнүн тротуары оңдолот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Оңдоло турган жолдордун узундугу 8,6 чакырымды түзөт.
- Месарош көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчиновго чейинки бөлүгү;
- Эр Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешиктен Репинге чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
- Жунусалиев көчөсүнүн Эр Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
- Садыбакасов көчөсүнүн Эр Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
- Курултай көчөсүнүн Магистралдан Кожомкуловго чейинки бөлүгү (Ынтымак конушу);
- Ак-Ордо көчөсүнүн Барпы Алыкуловдон Тагай бийге чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу);
- Шералиев көчөсүнүн 18-көчөсүнөн Түндүккө чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
- Интергельпо көчөсүнүн Кең-Суудан Дэн Сяопинге чейинки бөлүгү;
- Сыдыков көчөсүнүн Калык Акиевден Турусбековго чейинки бөлүгү.
Ал эми жасала турган тротуарлардын узундугу 13,1 чакырымды түзөт.
- Тагай бий көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордого чейинки бөлүгү (чыгыш тарабы);
- Садырбаев көчөсүнүн Семетейден Жайыл баатырга чейинки бөлүгү (батыш тарабы);
- Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
- Өмүр көчөсү Барпы Алыкуловдон Кырк-Кызга чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
- Чүй проспектисинин Бейшеналиевден Жаш Гвардияга чейинки бөлүгү (эки тарабы тең);
- Алтымышев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
- Асаналиев көчөсү Гагаринден темир жол линиясына чейинки бөлүгү (эки тарабы тең).