Биз менен байланышыңыз

Пакистан парламенти жаңы өкмөт башчы шайлады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 617 | 0

11-апрелде Пакистан парламенти жаңы өкмөт башчы шайлады. Бул тууралуу жергиликтүү Dawn басылмасы жазды.

Пакистандын Улуттук ассамблеясында өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Мусулман лигасынын лидери Шахбаз Шариф премьер-министр болду. Ага 342 депутаттын 174ү добуш берген.

Ал ошол эле күнү кечинде парламентте ант берип, кызматына расмий киришти.

Маалым болгондой, аны бул кызматка төмөнкү палатадагы оппозициячыл фракциялар көрсөткөн.

71 жаштагы Шахбаз Шариф — 1993-жылдан 2017-жылга чейин өкмөт башчылыкка төрт жолу шайланган Наваз Шарифтин иниси.

Эске салсак, Пакистандын мурунку премьер-министри Имран Хан 9-апрелде парламенттин импичментинен кийин кызматынан кеткен.

Пакистан парламенти өкмөт башчыны кызматтан алды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM