Биз менен байланышыңыз

Пакистан парламенти өкмөт башчыны кызматтан алды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 300 | 0

Пакистандын парламенти премьер-министр Имран Ханга импичмент жарыялап, кызматтан алды.

Айта кетсек, Имран Ханга ишеним көрсөтпөө демилгеси 28-мартта көтөрүлгөн. Аны парламент «өлкө экономикасын тескей алган жок» деп айыптоодо.

Буга байланыштуу 3-апрелде Имран Хан атайын кайрылуу жасап, Пакистандын өлкө башчысы Арив Алвини парламентти таратууга чакырган.

Президент сунушту кабыл алып, парламентти таратуу жөнүндө жарлык чыгарган. Бирок депутаттар бул жарлыкты сотко беришкен. Жогорку Сот президенттин жарлыгын жокко чыгарууга, премьер-министрдин өзүнө импичмент жарыялоого өкүм кылган.

Жергиликтүү Dawn басылмасынын маалыматына караганда, Пакистандын Тергөө башкармалыгы Имран Хандын өкмөтүндө иштеген кызматкерлерди өлкөдөн чыгарбоо буйругун берди. Буга байланыштуу чек ара бекеттери, аэропорт кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Аларды эмне себептен өлкөдөн чыгарбоо керектиги айтылган жок.

Эртең 11-апрелде Пакистан парламенти жаңы өкмөт башчы шайлайт. Алдын ала божомолдорго караганда, Мусулман лигасы партиясынын лидери Шахбаз Шариф бийликке келиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM