Биз менен байланышыңыз

Чүйдө мас айдоочулардын кылмышын жашырган МАИчилер аныкталды

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 278 | 0

Башкы прокуратура Чүй облусундагы Жол эрежелерин көзөмөлдөө органдарына текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктады.

Тагыраагы, укук бузууларды системалуу жашыруу, мас болуп унаа айдагандарды жоопко тартпоо, укук бузуулар жөнүндө материалдарды бирдиктүү реестрге убагында каттабоо, салынган айыптарды мамлекеттик казынага өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көрбөө сыяктуу көптөгөн кемчиликтер орун алган.

Мисал катары айтсак, М.Т. аттуу жаран «Ауди-100» унаасын мас абалында айдап баратып, кырсыкка кабылган. Бирок Ысык-Ата райондук Жол эрежелерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери бул факты боюнча төрт айдан кийин гана расмий протокол түзүшкөн. Ал эми мас абалында унаа айдаганы жашырылып, укук бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган эмес.

Ошондой эле ушул эле райондун Жалпы дарыгерлер практика борборунун медицина кызматкерлери каттоо журналындагы баштапкы жазууларды өзгөртүп, мас экенин аныктаган жыйынтыкты жаап-жашырып турушкан.

Башкы прокуратура бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козгоп, андан ары иликтөө, тергөөнү Чүй облустук прокуратурасына тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM