Connect with us

Депутаттар «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун абалы менен таанышты

Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 366 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Ысык-Көлгө жасаган иш сапарында Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Депутатты министр Алымкадыр Бейшеналиев тосуп алып, борбордогу курулуштун жүрүшү, алдыда жасала турган иш мерчем менен тааныштырды. Андан тышкары учурда борбордо иштеп жаткан эне-балага жардам берүү, жүрөккө операция жасоо бөлүмдөрүн көргөздү.

Министрдин айтымында, реабилитациялык борбор бир нече блокко бөлүнүп, дарылоо-диагностикалык борбор, клиника-диагностикалык лаборатория, андан тышкары эне менен балага пансионат да болот. Зарыл болгон бардык заманбап шарт түзүп берилет.

Айта кетсек, борборду куруу 2000-жылы башталып, 2005-жылы толук бүтпөй токтоп калган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын март айында Ысык-Көлгө жасаган иш сапарында «Алтын балалык» борборунун абалы менен таанышып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге курулушту улантууну тапшырган.

Буга байланыштуу ошол жылдын 15-октябрында кайрымдуулук марафону өтүп, өлкө башчысы баштаган бир катар адамдар, уюм-мекемелер акчалай жардам беришкен.

Борбордун курулушун бүткөрүү ушул жылдын май айына болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM