Connect with us

Ысык-Көл: Аквапарктагы өлүм боюнча ачылган кылмыш иши токтотулду

Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 1357 | 0

2021-жылы Бостеридеги пансионатта 18 жаштагы уланды аквапарк соруп кеткенине байланыштуу ачылган кылмыш токтотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук соту билдирди.

Маалым болгондой, тараптар элдешип, айыпталуучу менен каза тапкан баланын мыйзамдуу өкүлү мунасага келишкен.

Айта кетсек, 2021-жылы 27-июлда Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Дельфин де Люкс» борборунда эс алып жүргөн 18 жаштагы Станислав Ситников аттуу уланды аквапаркка суу толтурган түтүк соруп кеткен.

Бул өлүмгө айыптуу катары эс алуу борборунун директору Айдар Текебаев камакка алынган. Ага карата соттун чечими ошол жылдын 20-декабрында чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM