Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Чүй облусундагы ишкана, чарбаларды кыдырды (сүрөттөр)

Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 330 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата, Панфилов, Жайыл райондорун кыдырды.

Алгач Ысык-Ата районундагы айрым балык чарбалардын иши менен таанышты. Ал жерден чарба ээлери инкубациялык цехти, форелдин уругун өстүрүүчү бассейндерди жана балык питомнигинин башка бөлүктөрүн көргөзүштү. Ошондой эле бир катар маселелер айтылып, чечүү жолдору талкууланды.

Акылбек Жапаров «Аква сервис» компаниясы сунуштаган долбоорду колдой турганын айтты. Белгилей кетсек, долбоордун алкагында компаниянын кызматкерлери Токтогул суу сактагычынын бассейнинде балык багуу, айрыкча, осетр балыгын көбөйтүү боюнча окутууларды өткөрөт.

Андан соң Жайыл районундагы өнөр жай ишканаларын кыдырды.

Алгач металл иштетүүчү заводго барып, ал жердегилердин көйгөйүн укту. Алар зарыл чийки зат менен камсыздоо маселесин айтышты. Бул боюнча Экомика жана коммерция министрлигине экинчилик чийки затты чогултуп, андан соң аны үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн заводго өткөрүп бере турган ишкана түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Андан соң Акылбек Жапаров автобус чыгарган заводдун иши менен таанышып, орун басары Бакыт Төрөбаевге Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларынын мэрлери менен бирдикте ишканага тапшырык берүү, мамлекеттик банктардан кредит берүү жолун карап чыгууну тапшырды. Ушул өңдүү тапшырма «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына берилди.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы укук белгилөөчү документтерди алууга жардам берүүнү өтүнгөн Кара-Балта шаарынын жанындагы Дача-Огонёк конушунун тургундары менен жолугушту. Бул аларга жашаган жери боюнча каттоого турууга, жөлөк пул жана пенсия, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет. Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле кездемелерди чыгарган ишкананын курулушу менен таанышты, алтынды бөлүп чыгаруучу фабрикага жана айнек идиш чыгаруучу заводго барды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM