Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мэри төрт күн шаар тургундарынын көйгөйүн угат

Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 508 | 0

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 12-апрелден 15-апрелге чейин шаар тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу алгач Көлмө конушунда башталат. Мэр саат 10:00дө №78 мектеп-гимназияда конуштун, саат 14:00дө акимиатта Биринчи Май районунун тургундарынын көйгөйүн угат.

13-апрелде саат 10:00дө №82 мектеп-гимназияда Ала-Тоо конушунун, 14:00дө акимиатта Ленин районунун тургундары менен баарлашат.

14-апрелде саат 10:00дө №91 мектеп-гимназияда Кара-Жыгач конушунун, саат 14:00дө акимиатта Октябрь районунун тургундары менен кездешет.

15-апрелде саат 10:00дө №94 мектеп-гимназияда Дордой конушунун, саат 14:00дө акимиатта Свердлов районунун тургундарынын суроолоруна жооп берет.

Copyright © 2017 Maral FM