Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 12-апрелден 15-апрелге чейин шаар тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуу алгач Көлмө конушунда башталат. Мэр саат 10:00дө №78 мектеп-гимназияда конуштун, саат 14:00дө акимиатта Биринчи Май районунун тургундарынын көйгөйүн угат.
13-апрелде саат 10:00дө №82 мектеп-гимназияда Ала-Тоо конушунун, 14:00дө акимиатта Ленин районунун тургундары менен баарлашат.
14-апрелде саат 10:00дө №91 мектеп-гимназияда Кара-Жыгач конушунун, саат 14:00дө акимиатта Октябрь районунун тургундары менен кездешет.
15-апрелде саат 10:00дө №94 мектеп-гимназияда Дордой конушунун, саат 14:00дө акимиатта Свердлов районунун тургундарынын суроолоруна жооп берет.