Биз менен байланышыңыз

Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат

Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 205 | 0

Бүгүн, 10-апрелде 3 шаардык, 13 айылдык кеңешке депутат шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаардык кеңештеринин жана 13 айылдык кеңештин депутаттыгына жалпы 1318 талапкер катталган. Булардын 336сы шайланып келүүгө тийиш.

3 шаардык кеңеште 93 мандат бар, ага 827 талапкер катталып, 4 талапкер шайлоодон четтетилген. Учурда 823 талапкер ат салышып жатат.

Ал эми 13 айылдык кеңештеги 243 мандат үчүн 491 талапкер катышып жатат. Булардын ичинен 160ы аял талапкерлер. Айта кетсек, 243 мандаттын 96сы аялдарга берилет.

Депутат шайлоо өтүп жаткан жергиликтүү кеңештердин тизмеси:

  • Таш-Көмүр шаардык кеңеши;
  • Токтогул шаардык кеңеши;
  • Кара-Балта шаардык кеңеши;
  • Араван району, С. Юсупов айылдык кеңеши;
  • Кара-Суу району, Ак-Таш айылдык кеңеши;
  • Кара-Суу району, Төлөйкөн айылдык кеңеши;
  • Сузак району, Көкарт айылдык кеңеши;
  • Аксы району, Кара-Жыгач айылдык кеңеши;
  • Москва району, Александровка айылдык кеңеши;
  • Сокулук району, Сокулук айылдык кеңеши;
  • Кемин району, Жаңыш-Алыш айылдык кеңеши;
  • Кемин району, Кара-Булак айылдык кеңеши;
  • Кемин району, Көк-Ойрок айылдык кеңеши;
  • Тоң району, Кажы-Сай айылдык кеңеши;
  • Ак-Талаа району, Тоголок Молдо айылдык кеңеши;
  • Ат-Башы району, Казыбек айылдык кеңеши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM