Биз менен байланышыңыз

Бажы төлөмдөрү пандемияга чейинки көрсөткүчкө теңделди, бирок…

Экономика | 8 Апр 2022 | 2327 | 0

Кыргызстанда бажы төлөмү 2021-жылы белгиленген пландан 1,5 миллиард сомго аз жыйналган. Бажы кызматы мунун себебин тышкы фактордон көз каранды экени менен түшүндүрдү. Ошондой эле 2022-жылдын январь-март айларына карата да белгиленген өлчөмдөн 268 млн 400 миң сомго аз чогултулган. Бирок Бажы кызматы төлөмдөрдүн өлчөмү дээрлик пандемияга чейинки көрсөткүчтөргө теңделгенин билдирүүдө. Бажы кызматы өткөрмө пункттардагы адам факторун жоюу, коррупцияны ооздуктоо максатында бир катар чараларды ишке ашырып жатканын маалымдады. 

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Бажы кызматы жалпы 46 млрд 886 млн 500 миң сом жыйнап, бекитилген планды 96,9% аткарган. Тактап айтканда, бажы төлөмү 1 млрд 498 млн сомго аз жыйналган. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун айтымында, коюлган пландын толук ишке ашпай калышына бир катар себептер бар. Бул абал көбүнесе сырткы фактордон көз каранды.

«Негизи бизде тобокелчиликтер абдан көп. Биринчи эле себеби: сырткы фактордон абдан көз карандыбыз. Дагы бир себеп: доллар менен сомдун ортосундагы айырмачылык. Андан сырткары дагы бир жагдай бар, өткөндө Кытай тарапка бир метрден ашык кар жаады. Мындайда жол ачылганча жүк ташуу сөзсүз токтойт. Долондо көчкү түштү, аны менен жүктөр да туруп калды. Табияттын жагдайынан улам да, ошондой нерселер болуп калат».

Аны менен бирге быйылкы бажы төлөмүн былтыркыдан эки эсе көбүрөөк чогултуп, 98 млрд 480 млн сомго жеткирүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү жана бажы эрежелерин камсыздоо иштеринин натыйжасында 2021-жылы бюджетке кошумча 243 млн 500 миң сом түшкөн. Бул сумма мурунку жылга салыштырмалуу 137 млн 100 миң сомго көп.

«Эрежелер бузулуп келген учурларда ошол шарттарда катуу кыйнабастан, ошол субъектилер менен иш жүргүздүк. Аларга туура түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында корректировка маселеси, декларацияда жана башка документтерде көрсөтүлбөй калган жагдайларды эске алып, аларга да кошумча төлөмдөрдү төлөөгө жардам беришти. Бул биздин Бажы кызматынын башкы максаты жана негизги принциптеринин бири болуп эсептелет».

Бажы кызматы 2022-2024-жылдарга чейинки «Бажы кызматын өнүктүрүү» концепциясын иштеп чыккан. Бул концепция бажыдагы өткөрмө бекеттеринде кызмат көрсөтүү шарттарын жеңилдетүү максатында кабыл алынган.

Аны менен катар бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев санариптештирүү жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Өзүңүздөргө маалым болгондой, өткөн жылы пилоттук режимде кырдаалдык борбор ачылган. Азыркы күндө долбоор өнүгүп, көп процесс кошулду. Дагы айта кетүүчү нерсе, «Торугарт», «Эркечтам» өткөрмө пункттарына автоунаанын номерин тааный турган камералар орнотулуп, ошол кырдаалдык борбордо транспорт каражаттарын каттоону ишке ашырганбыз. Бүгүнкү күндө Президенттин администрациясына жана башка мамлекеттик тиешелүү органдарга ачык мүмкүнчүлүк берилип, аларга көрсөтүлүп турат. Жөнөкөй тил менен айтканда, кырдаалдык борбордон ар бир өткөн машинанын маркасын, номерин көрө алабыз».  

2022-жылдын январь-март айларына карата  бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу Каржы министрлиги тарабынан 14 млрд 500 млн сом өлчөмүндө бекитилип, 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда өсүү темпи 171,5%ды түзгөн. Бирок бекитилген болжолго карата аткаруу 98,1% ишке ашып, 268,4 млн сомго аз чогултулган.

Анткен менен бажы кызматы келтирилген төлөмдөрдүн өлчөмү пандемияга чейинки калыбына келгенин билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM