Биз менен байланышыңыз

Жасалма диплом алууга шектелген эки депутаттын аты айтылды

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 998 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов жасалма диплом алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Бул маалыматты БШКга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берген. Алдыда аларды мандатынан ажыратуу маселеси каралат.

Мыйзам боюнча жогорку билими жөнүндө диплому жок жаран Жогорку Кеңешке депутат боло албайт.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин учурдагы 4 депутаты жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын УКМК кабарлаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM