Мактоо өзү керемет, туурабы?
Кимдир бирөө мени мактаса, ичим жылып, өзүмдү жакшы сезем. Анан «көңүл алуунун эң тез жолу – ашыкча мактоо» дешет. Сизди да убагында бирөөлөр мактаганда жакшы көргөн чыгарсыз. Балким, сиз жөн эле өз ишиңизди аткарганыңыз же жөнөкөй эле бир нерсе жасаганыңыз үчүн мактоого кабылганда, бир аз ыңгайсыздыкка туш болгондурсуз.
Бул ыңгайсыздык мактоонун кээ бир кызыктуу жактарын көрсөтүп турат. Ошондо кандай болуп калат? Мактоо же ашыкча мактоо сизди кайра ийгиликсиз кылып коёбу?
Мен: «Биринчи кезекте мен позитивдүү мотивацияны колдойм», — дешим керек. Жакшы иш жасаганы үчүн адамга алкыш айтып коюу маанилүү болот.
Ар дайым сынга кабылып, начар жагын гана уга берген да албетте, жакшы эмес. Дайыма терс пикир уга берүү коркутуу-үркүтүү сыяктуу сезилиши мүмкүн, эгер сиз эч качан оң пикир уга албасаңыз, өзүңүзгө ишенбей, көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн.
Бирок бардык нерсе сыяктуу эле, тең салмак эң маанилүү. Себеби изилдөөлөр ашыкча мактоонун өзүн-өзү сыйлоого жана жеке иштерге зыяны тийиши мүмкүн экенин белгилейт.
Мактоо жана өзүн-өзү сыйлоо
1980-1990-жылдары пайда болгон «өзүн-өзү сыйлоо кыймылы» мактоо жана позитивдүү кубаттоо адамга жакшы таасир берип, жете албаган нерселерге жетсе болот деген ишеним жаралуусуна түрткү бергени анык болгон. Бир аз мактоо жакшы болсо, анда көбүрөөк мактоо андан да жакшыраак болушу керек, туурабы?
Теория боюнча өзүн-өзү сыйлоо сезимин көтөрүү үчүн биз баарыбыз кандай сонун экенибизди бири-бирибизге дайым айтышыбыз керек. Позитивдүү бекемдөө жана шыктандыруучу ырастоо бизди академиялык жактан акылдуу болууга түртөт, жакшыраак иштөөбүзгө түрткү берет. Дайыма мактоо бүткүл дүйнөнүн өзүн-өзү сыйлоосун көтөрүп, бардыгын жакшыртат. Анткен менен дайыма мактоо менен ашыкча мактоонун айырмасын биле жүргөн туура болот. Кандайдыр бир жагдайларда ашыкча мактоо кыйрата турган тескери натыйжа бериши мүмкүн.
Бир саамга мактоону тамактын же дары-дармектин бир түрү катары элестетиңиз. Эч ким тамактануу же ооруга каршы дары ичүү жаман нерсе деп талашпайт. Бирок ал өлчөмдөн ашык болсо, зыяны тийиши мүмкүн экени да анык.
Баарыбызга тамак-аштын же керектүү дарынын туура жана тең салмактуу өлчөмү керек. Канчалык ден соолукка пайдалуу тамак болсо да, ашыкча ичүү оорутуп коюшу мүмкүн. Бир таблетка дары баш ооруңузду басышы мүмкүн, бирок жүз таблетка сизди жүз эсе жакшы сездирбейт.
Бардык нерсе туура өлчөмдү талап кылат, көнүгүүдөн баштап аллергиялык таблеткаларга чейин. Мактоонун да чеги же балансы болушу керек. Бирөөнү дайым көкөлөтө мактоо — аны ошого көз каранды кылып коюшу мүмкүн. Мактоого болгон көз карандылык башка көз карандылык сыяктуу эле кыйратуучу болушу мүмкүн. Бул сизди мактоого көз каранды кылып, сизди «оңдоосуз» кылып, эч нерсе кыла албай калганга алып барышы мүмкүн.
Ашыкча мактоо балдар үчүн, кардарлар үчүн, бейтаптар үчүн, сиз жана мен үчүн чындап эле жаман болушу мүмкүн экенин түшүнгөн чындык.
Ашыкча мактоонун күтүлбөгөн кесепеттери
Биринчи жолу 1998-жылы Personality and Social Psychology журналында жарыяланган изилдөөдө балдар жөн эле «өзүнүн иштерин жасаганы», айталы, сүрөт тартканы, ойногону, тамактанганы же дагы ушул сыяктуу иштери үчүн мактоо угуп турушкан. Качан гана мактоо токтогондо, балдар да ошол ишине кызыгуусун жоготуп коюшкан.
Алар ички мотивациядан: өз кызыкчылыгы үчүн аракет кылуудан шарттуу мотивацияга: тышкы сыйлык же алкыш үчүн жасоого өтүштү. Шарттуу сыйлык ички сыйлыктын жагымын азайтат. Балдар кылган иши үчүн ырахат алууну издебей, чоң кишилердин мактоосу үчүн гана жасап калышат.
Демек, мактоого көз каранды болуп калуунун өтө чоң кесепети бар экенин ушул мисалдан көрүүгө болот.
Өзгөчөлүктүн коркунучтары
Дарыгер Милтон Эриксон «ден соолугун чыңдоо үчүн бейтаптын жасаган далалатын мактоо толук айыгуусуна зыянын тийгизет» деген.
Улуу Британиянын айрым аймактарында «Билим берүүнү тейлөөгө жөлөк пул» (EMA) долбоору иштелип чыгып, сабакка катышканы үчүн жаштарга 30 фунт-стерлинг төлөнүп турган. Экзамен тапшырганы үчүн эмес, үйрөнгөнү үчүн эмес, жөн гана сабакка келгени үчүн. Бул жеңилдик 16 жаштан 19 жашка чейинки балдардын билимин улантуусун жеңилдетүүгө арналган.
Бирок коллеж мугалимдери EMA алуучулар сабактарында көбүрөөк жолтоо болорун, алардын айрымдары сабакка келгенде эч нерсе үйрөнүүгө милдеттүү эместей сезишерин айтышат. Алар сабакка келген «өзгөчө аракети» үчүн эле «сыйлык» алышат, анда эмне үчүн алар мындан ары да аракет кылышы керек?
Ыктыярдуу жасашыңыз керек болгон иштерди кылганыңызга акы төлөө же ашыкча мактоо чыныгы жигерди төмөндөтөт. Ашыкча мактоо жакшы ниетте болушу мүмкүн, бирок ал чыныгы кызыкчылыктарга каршы иштейт.
Тескери натыйжалар
Өзүнө зыян берүүчү адамды элестетиңиз, балким ал өзүн-өзү бычактап жаткан адам, балким тамеки тарткан адам.
Өзүнө өзү азап берген адамдын оңолууга аракет жасоосу — албетте, сонун нерсе. Бирок аны ашыкча мактап жиберсеңиз, анда алкооңуз «тескери» иштеп кетиши мүмкүн.
Кимдир бирөөнүн тамекини таштаганы өзүнө келе турган азаптан коргонуу, ириде өз ден соолугу үчүн үзгүлтүксүз күрөш экенин туюнууга тийиш. Аны тамеки тартуусун токтоткону үчүн «күчтүүсүң» деп мактоо күрөшүн эрдик катары көрүп, текеберленүүгө алып келүү ыктымалы бар. Андан көрө мен: «Абдан жакшы! Сиз тамекини таштадыңыз! Эми аны кайра колго албаңыз!» — деп айтууну сунуш кылат элем.
Адамдык милдетибизди, айталы, башкаларга жардам берүү, кандайдыр бир көндүм же чеберчилик курстарга жазылуу сыяктуу иштерди аткарганыбыз үчүн да алкыш угуп туруу адамга канчалык натыйжа берет?
Позитивдүү белгилер да зыянга учуратышы мүмкүн
Кимдир бирөөнү ашыкча мактоо келечекте бактысыз болуусуна алып келиши мүмкүн, анткени бул алардын кандайдыр бир нерседен ички мотивация табуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бул — чоң кемчилик. Жакшы иштерди жана жакшы жүрүм-турумду «адаттан тыш» деп белгилөөдөн баш тартышыбыз керек.
Балдарды мектепке барганы, тартиптүү жүргөнү, үй тапшырмасын үзгүлтүксүз аткарганы үчүн мактоо чыныгы мыкты жашоого даярдык дегенди билдирбейт. Анткени биз «нормалдуу» нерсени «эң жакшыга» айлантып жатабыз жана чыныгы мыктылык өз баасын жоготот.
Кимдир бирөөнүн кадимки аракетин чоң жетишкендик катары баалоо жөн гана «мактоого көз карандылыкты» калыптандырышы мүмкүн. Ал эми мактоо үчүн гана иш жасоо чыныгы ийгиликке тоскоол болот.
Бул психолог Кэрол Двек жана анын Колумбиядагы командасы тарабынан Нью-Йорктун 12 мектебинин окуучуларына мактоонун таасирин изилдөө үчүн жүргүзүлгөн изилдөөнүн корутундусу болду. Алар «акылдуу» деп макталган балдар «талыкпай иштеди» деп макталган балдарга караганда аракетин эрте токтотуп койгонун аныкташкан. Маселе ушунда, куру мактоо акылдуу болууга караганда акылдуу көрүнүүнү пайда кылат.
Мактоо менен кантип мамиле кылуу керек?
Кадимки жасай турган иштерди жасаганы үчүн адамды (же өзүңүздү) ашыкча мактабаңыз. Албетте, менин уурулук жолго түшпөгөнүм жакшы, бирок ал кадимки жүрүм-турумум болушу керек.
Ар бир иш үчүн мактоо күтпөңүз, башкаларды да ашыкча мактай бербеңиз. Антпесе, сиз мактоого гана көз каранды болуп, өзүңүз үчүн умтула албай каласыз. Кокус сиз кыябын келтирип, анда-санда гана мактасыңыз, ал мактооңуз өзгөчө күчкө ээ болот.
Түшүнүксүз жана маанисиз мүнөздөмөлөргө эмес, адамдын көзөмөлүндө болгон нерсеге көңүл буруңуз. «Чындап талыкпай иштедиңиз!» деп айтуу аң-сезимдүү түрдө таасир эте турган нерсе экенин билдирет. Кимдир бирөө бир нерсени бүтүргөнү үчүн «укмуштуудай» деп айтуу эч кандай маанилүү маалымат бербейт.
Өз убагында, туура айтылган мактоо адамга жакшы натыйжа берет, бирок ыгы жок мактоо жакшылык алып келбейт.
Марк Тайрелл
Англис тилинен которгон: Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов