Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан БУУ менен куралсыздануу маселелерин талкуулады

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 409 | 0

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Башкы катчысынын куралсыздануу маселелери боюнча Жогорку өкүлү Изуми Накамицу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы Иштер Министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун куралсыздандыруу боюнча башкармалыгы ортосундагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.

Аида Касымалиева куралсыздануу жана жайылтпоо саясатына берилгендигин белгилеп, мунун ачык ырастоосу Кыргызстан депозитарийи болуп саналган Борбордук Азияда өзөктүк куралсыз аймакты түзүү жөнүндө келишим болуп саналат. Ушуга байланыштуу, куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы билим берүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруу максатында, кыргыз тарап БУУнун алкагында куралсыздануу жана жайылтпоо боюнча Эл аралык билим берүү күнүн жарыялоо демилгесин көтөрүүнү пландаштырууда.

Өз кезегинде Изуми Накамицу Борбордук Азиядагы өзөктүк куралсыз аймак жөнүндө келишимдин депозитарийи катары Кыргызстандын зор ролун белгиледи, ошондой эле кыргыз тараптын куралсыздануу жана агартуу боюнча Эл аралык билим берүү күнүн жарыялоо демилгесин кубаттады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM