Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кыргызстан менен чек арага коюлган чектөөлөрдү алат

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 532 | 0

11-апрелден тарта Казакстан өз жарандары жана чет элдиктер үчүн кургактыктагы чек араларына коюлган чектөөлөрдү алып салат. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын аймагына коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тарта Казакстандын жарандарынын, жарандыгы жок адамдардын жана чет элдиктердин Казакстандын Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен кургактагы өткөрүү пункттарындагы чек арасынан өтүүсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алган.

Элчи белгилегендей, мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынды.

Ошондой эле Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө бардык чектөөлөр алынып салынды.

Мындан тышкары, ПЧР тестин колдонуу менен COVID-19 боюнча изилдөөнүн терс натыйжасы бар сертификатты же COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документти/паспортту милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы казакстандыктар жана Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар үчүн, ошондой эле эмдөө паспортторун өз ара таануу менен чет өлкөлүк жарандар үчүн сакталып калат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандарына Казакстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM