Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Апрель окуясына карата кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 233 | 0

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Анын пикиринде, Апрель революциясы орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында тарыхта калды.

Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөртүп, ар-намысы бийик, эркиндик менен акыйкатты сүйгөн эл катары таанып, баалай баштады.

Мамлекет башчысы, Апрель элдик революциясында кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жигиттерибиз — бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары экенин баса белгиледи. Алардын ажалга тике караган эрдиктери канча мезгил өтсө да элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, кылым карыткан Кыргызстандын тарыхында ысымдары алтын тамга менен жазылып калары талашсыз деп кошумчалады.

«Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул-кыздары турганда кыргыз эли адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкүн эмес. Калкыбыз аң-сезими өзгөрүп, мындан ары өз тандоосунан тайбай, жаркын келечекке багыт алды. Аксы окуясын, Март жана Апрель элдик революцияларын терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз», — деди ал.

Президент 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине таазим этип, элибизге ынтымак, мекенибизге тынчтык каалады.

Бүгүн 7-апрелде Апрель окуяларына он эки жыл болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM