Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Апрель ыңкылабына 12 жыл болду

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 412 | 0

Бүгүн, 7-апрелде Апрель ыңкылабына 12 жыл болду. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митингге чыгышкан.

Анда элге ок чыгарылып, 100гө жакын киши набыт болгон. Ал эми 500дөн ашуун жаран ар кандай жаракат алган. Акыры элдин күчү менен Ак үйдүн имараты алынып, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Төңкөрүштөн кийин Роза Отунбаева төрайымдык кылган Убактылуу Өкмөт түзүлүп, стабилдүүлүк орнотула баштаган.

Кийинки мамлекет башчы болгон Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын декабрында 7-апрелди жаңы майрам – Элдик Апрель революциясынын күнү катары бекиткен.

2016-жылы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык Элдик Апрель революциясы күнү жумуш эмес күн деп жарыяланган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Апрель революциясынын 12 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM