Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Караколдогу жети мектеп Жети Акенин ысымын алды

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 658 | 0

Каракол шаардык кеңеши калаадагы 7 мектепке Ысык-Көлдүн 7 акесинин, бир мектепке Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Отурумга 31 депутаттын 28и катышып, токтомду бир добуштан колдоп беришкен. Ага ылайык,

№1 инновациялык мектеп-гимназия Мойт аке атындагы;

№2 мектеп-гимназия Кыдыр аке атындагы;

№3 мектеп-гимназия Тилекмат аке атындагы;

№6 орто мектеп Садыр аке атындагы;

№7 орто мектеп Карач аке атындагы;

№9 орто мектеп Сарт аке атындагы мектеп деп атала турган болду.

Андан тышкары №5 орто мектепке Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылды.

Айта кетсек, 2021-жылы шаардагы №15 орто мектепке Карга акенин аты берилген болчу.

Жети акенин урпактарына ысымын алып жүргөн мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, тарыхый музей уюштуруу милдеттендирилди.

Жети аке XVIII-XIX кылымдарда калыстык, даанышмандык менен элдин ынтымагын, бүтүндүгүн сактап, ал тургай коңшу өлкөлөр менен биримдикти чыңдоого салым кошушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM