Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурордун 2021-жылдагы иштери: Сандар жана фактылар

Саясат | 6 Апр 2022 | 598 | 0

Жогорку Кеңеш 2021-жылдагы мыйзамдуулуктун абалын жана аны чыңдоо үчүн прокуратура органдарынын жасаган иштерин баяндаган Курманкул Зулушевдин маалыматын укту. Анда Башкы прокурор 2021-жыл укуктук өгөрүүлөргө бай болгонун белгиледи. Ошондой эле ал жаңы кабыл алынган кодекстер кылмыштын бетин ачууга жана ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүндүк бергенин айтты. Жыл ичинде Башкы прокуратура тарабынан жалпы 75 миң 65 текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 16 миң 700 мыйзам бузуу аныкталган. Өткөн жылы Башкы прокуратура жасаган иштерге алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн 2021-жылдагы мыйзамдуулуктун абалын баяндаган Башкы прокурордун маалыматын угушту. Жыйында Курманкул Зулушев өткөн жылы Башкы прокуратуранын демилгеси менен жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарына тиешелүү кодекстер иштелип чыкканын, алар 2021-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө киргенин белгиледи. Курманкул Зулушевдин айтымында, бул кодекстер кылмыштардын бетин ачууга жана тергөө маселелери боюнча ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Өткөн жылда прокуратура органдары мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коррупция менен күрөшүү, жаш балдардын укугун коргоо максатында жалпысынан 75 миңден ашуун текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 16 миң 700 мыйзам бузуу фактысы аныкталган.

Муну менен катар 2021-жылы прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде 1 млрд 288 млн 728 миң сом өндүрүлгөн. Анын ичинде 193 млн 219 миң сому акчалай, ал эми 1 млрд 95 млн 508 миң сому мүлк түрүндө берилген.

«Булардын ичинде жалпы аянты 1 125 гектарды түзгөн 96 жер тилкеси жана 20 социалдык объект (2 дарыкана, 1 спортклуб, 9 бала бакча, 5 фельдшердик борбор, билим берүү мекемелерине караштуу 3 жер тилке) бар».

Зулушев мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдын сакталышы актуалдуу көйгөй болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, сатып алууларды туура эмес пландаштырып, сатып алуучу уюм менен катышуучунун ортосундагы макулдашуу, көзөмөлдүн жоктугу жана даттанууларды кароо механизмдеринин туруксуздугунан улам бюджеттик каражаттар мыйзам бузуулардын бутасы болуп келүүдө.

«Бул жаатта прокуратура органдары 636 мыйзам бузууну аныктап, 269 прокурордук чара көрүү актысын келтирип, натыйжада 400 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылды. Жер маселеси, архитектура, лицензиялоо жана уруксат берүү тутуму боюнча мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдө, ар кандай объектилердин, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна уруксат берүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Жалпы көзөмөл багытындагы текшерүүлөрдүн 32%ы (3420/1108), ал эми сотко жиберилген доолордун 88%ы (635/559), катталган кылмыштардын 60%ы (802/483) жер мыйзамдарынын бузулушунан келип чыккан. Бул мыйзам бузуулар негизинен, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары өз ыйгарым милдеттерин так аткарбагандыктан, коррупцияга аралашып, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кызматтык жасалмачылыкка баруунун натыйжасынан келип чыгууда». 

Кыргызстанда аялдарды, өспүрүмдөрдү, улгайган адамдарды, майыптарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо негизги маселе бойдон калууда. Өткөн жылда жалпы 10 миң 151 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын 311ине эркектер кабылган.

«Тактап айтканда, 9038 аял, 311 эркек жабыр тарткан. Алардын ичинен 264ү жашы жете элек бала (140 эркек, 124 кыз бала). Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 9038 коргоо ордери берилген жана 110 коргоо ордеринин мөөнөтү узартылган. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын ичинен 7836сы жорук катары катталып, 2256 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган».

Ошондой эле Курманкул Зулушев акыркы бир жылда ишкерлерден келип түшкөн арыздардын саны өскөнүн белгиледи. Жыл ичинде ишкерлерге мыйзамсыз текшерүүнүн негизинде 16 сотко чейинки өндүрүш ачылган.

«Жалпысынан ишкерлерден 385 кайрылуу келип түшүп, 125 ишкер менен жолугушуу уюштурулду. Бул багытта прокуратура органдары 573 мыйзам бузуучуну аныктап, аларды четтетүү боюнча 199 прокурордук акт келтирип, жыйынтыгында 125 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге карата мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү фактылары аныкталып, бул боюнча 16 сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондой эле ишкерлерге карата укук коргоо органдары тарабынан негизсиз козголгон 5 кылмыш жокко чыгарылган. Алардын төртөө алдамчылык, бирөө коммерциялык уюмдун кызматкери кызмат абалынан пайдалануу боюнча». 

2021-жылы Ички иштер министрлигинин өндүрүшүндө 135 миң 176 кылмыш, 78 миң 845 жорук иши болуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 83 миң 20 кылмыш, 69 миң 639 жоруктун тергөөсү аяктаган. Жалпылап айтканда, кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу 55%ды түзгөн.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өндүрүшүндө өткөн жылы 7 миң 914 кылмыш иши болуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 3569 кылмыш иши аяктаган. УКМКнын кылмыштардын бетин ачуусу 20%ды түзгөн.

Ошондой эле Зулушев өткөн жылы укук коргоо органдарынын өндүрүшүнөн 4 миң 28 кылмыш иши жоголгонун маалымдады. Алардын 3962си кайра калыбына келтирилип, 66 иш боюнча издөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Прокуратуранын ишинин негизги тармактарынын бири: соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө. Өткөн жылы бул багытта Башкы прокуратурада атайын бөлүм ачылган. 2021-жылы сотко прокурордук чара катары 679 доо арыз келтирилип, жыйынтыгында 1 млн 330 миң 521 сом накталай өндүрүлсө, натуралдык түрдө 562 млн 558 миң 522 сомго бааланган 97 гектар жер тилкеси жана имарат мамлекетке кайтарылган.

Copyright © 2017 Maral FM