Биз менен байланышыңыз

Министр: Быйыл 1200 мектеп компьютер менен жабдылат

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 433 | 0

Дүйнөлүк банктын каржылоосу астында быйыл 1200 мектепти компьютер менен толук жабдып бүтөбүз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Ал азыркы тапта дагы 300 мектепке компьютер алып берүү боюнча Индия мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

Министр билим берүү тармагында комплекстүү түрдө реформалар башталып жатканын баса белгиледи.

Аталган реформалар 3-5 жылдан кийин гана сезилип, натыйжасы көрүнүп баштаарын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM