Биз менен байланышыңыз

Министр: Мектептеги китеп системасын калыбына келтирүү үчүн 10 жыл керек

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 988 | 0

Мектептердеги окуу китептеринин линейкасы кайра каралып чыгып, өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Азыркы тапта жалпы билим берүү системасындагы китептерди жаңылоо маселенин үстүндө иштер алып барылып жатат.

«Азыркы китептер моралдык жактан эскирген. Алардык коомго, балдардын келечегине пайдасы канчалык деңгээлде тийип-тийбегени боюнча изилдеп жатабыз. Ошондуктан балдардын талабына жараша, аларга келечекте кандай көндүмдөр керек болсо, ошол көндүмдөр камтылган китептер чыгышы керек болууда», — деди ал.

Мектептердеги окуу китептеринин линейкаларын 12 жылга тууралап, системаны калыпка салуу үчүн толук 10 жыл керектелерин кошумчалады министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM