Президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга толук жана биротоло өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын, алар АКШда, Швецияда жана Канадада Кыргызстанга каршы козголгон бардык соттук териштирүүсүн жана дооматын токтото турганын жар салып, жалпы элди улуттук кызыкчылыктын корголуп калышы менен куттуктады. Президент ошондой эле макулдашунун негизги жоболоруна да токтолду. Кайрылуудан кийин коомчулукта «Кыргызстан уттурдубу, уттубу?» деген суроо жаралды. Буга алдыда кененирээк жооп издейбиз.
Президент Садыр Жапаров 4-апрелде элге кайрылып, эң чоң алтын кен «Кумтөр» толугу менен, ошондой эле «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга өткөнүн жарыялады. Андан тышкары «Кумтөр» кенин иштетип келген канадалык «Центерра» компаниясы менен болгон макулдашуунун негизги жоболору жөнүндө айтып берди:
«Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза киреше, тагыраак айтканда, 323 миллион доллардан ашык каражат биздин менчик экенин расмий түрдө таанытканга мажбурладык. Мындан тышкары «Центерра» бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденд төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн долларды түзөт. Дагы бир жетишкендик – «Центерра» кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Биз «Кумтөр» кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык, бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын транштык эсебинде сакталып келген. «Центерра» 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон доосунан баш тартты».
Президент билдиргендей, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому «Центеррадагы» 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда «Центерра» аталган акцияга топтомдук укуктарын өткөрүп бергенине байланыштуу Канада мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.
«Кумтөр» кыргыз өлкөсү үчүн, эл үчүн иштеши керектиги коомчулукта көптөн бери көтөрүлүп, көп жылдан бери айтылып келген. Ошол эле учурда «Центерра» да өзүнүн акцияларын алып чыгып кетүүгө аракет жасаганын, акыры анысы ишке ашканын саясий эксперт Айданбек Акматов айтат.
Анын пикиринде, «Кумтөрдү» колго алуу чоң утуш болду.
«Садыр Жапаров бийликке киришип жатканда, «Кумтөрдө» алтын калбады» деп баарыбызды түшүнүксүз абалга калтырган. Андан кийин эмне таасир этти билбейм, «Кумтөрдү» Кыргызстанга алуу жүзөгө ашты. «Кумтөр» ошол «Центерранын» колунда турган кезде да, булар экологияны карамак эмес. Булар буга чейин жасап келген ар кандай коррупциялык жана шылуундук жолдор менен бул жерден да чыгып кетмек. Негизи булардын максаты өз акцияларын, «Центерранын» акчасын бүтүндөй алып туруп, анан «Кумтөрдү» калтырып чыгып кетүү болгон. Ошол формула аягында ишке ашты. Булар Жапаровго чейин эле ушундайды көздөп келишкен, алар да көздөгөн максатына жетти, биз да жеттик. Биз болгону калган алтынды сарамжал казып, экономиканы көтөрүүгө жумшашыбыз керек деп эсептейм».
Факты түрүндө, тынч жол менен «Кумтөрдү» мамлекетке алганы коомдук пикир катары жакшы көрсөткүч жаратканын, ошол эле учурда «Кыргызстан өзү башкара алабы?» деген суроо дале актуалдуу болуп, тынчсыздануу туулуп турганын саясатчы Равшан Жээнбеков белгиледи.
«Биринчиси, «Биз өзүбүз башкара алабызбы?» — деген суроо али күнгө чейин турууда. Албетте бийлик: «Биз өзүбүз башкара алабыз», — деген маалыматты кайра-кайра айтып жатат. Башкара алабызбы, албайбызбы дегенде, менин оюмча, биз жыйынтыгында баары бир башкара албайбыз. Азыр эмес бир канча айлардан кийин быкы-чыкысы чыгат бул маселенин. Ошол эле энергетика тармагын, телекомду, «Мегакомду» карайлы, баарынын ичинде быкы-чыкы бар, алар жашырылып айтылбай келет. Бирок мен Өкмөттүн ошол тармагында иштеген адам катары билем, биз башкара албайбыз. Эгерде өзүбүз башкарып келдик десек, анда кадыр-барктуу эл аралык аудитордук компанияга текшертип көрөлү, ичинде кандай маселелер бар экенин аныктап көрсүн. Бийлик баары жакшы деп мактана берет. Азыркы мактаныч — коомдук пикирге арналган мактаныч. Ал эми «Кумтөрдүн» ичинде реалдуу кандай маселелер болуп жатканын аудит жүрбөгөндөн кийин эч ким айта албайт. Мен айтат элем, эгерде мактангыңар келсе, аудит жүргүзгүлө, аудит жүрбөсө, анда айтылып жаткан нерселердин көбү жок».
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркингүл Иманкожоева «Кумтөр» бизге өттү деп сүйүнгөнүбүз менен экология маселеси ошол бойдон калганын айтат.
«Келишим боюнча Кыргызстан акцияларынын 26%ын алып калдык деп жатат. Калган акциянын баарын «Центерра» алып кетти. Бул — накта доллар түрүндөгү акча. Башкача айтканда, эч кандай алтын казбай туруп эле алган банктагы акча. Мына ошол миллиарддаган доллардан куру калып жатабыз. Экинчиден, «Күмтөрдү» иштетүүдөн калган 2 млрд тонна калдык жатат. Ал калдыктар эң уулу заттардан турат. Муну кооптуу абалда бизге таштап кетишүүдө. Бул да биз үчүн эң чоң коркунуч алып келе турган нерсе. «Мынча миллион акча түшөт», — деп жатат, ал акча түшкөн күндө да, биз аны рекультивация кыла албайбыз. Биздин ага акчабыз жетпейт. Анткени «Центеррага» да ушул маселе боюнча суроо салганда, алар да жасай албасын айткан. Булар кантип рекультивация кылбай туруп, чыгып кетүүнүн айласын издеп жүрүшкөн. Мөңгүлөрдүн да төлөмүн бербей качып кетүүнү ойлоп жүрүшкөн. Ошого Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Суу кодексине өзгөртүү киргизип, мөңгүлөрдү талкалаганга расмий уруксат берип коюшту. Эгерде ушул болбогондо, анда биз дүйнөлүк арбитраждык соттон утмакпыз».
Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков «Кумтөр» Кыргызстанга толук өттү делген менен суроолор бар экенин айтып, «Центерра» компаниясынын бул маселе боюнча тараткан пресс-релизин мындайча түшүндүрдү.
«Анда мындай деп айтылып жатат: «Биз кол коюлган келишимди акционерлерге алып чыгабыз. Эгерде алар колдобой калса, анда Рим сотуна алып чыгабыз. Ал сот да колдобой койсо, анда бул келишим аягына чейин чыкты деп айтуудан алыс болушубуз керек», — деп жатат. Демек, бул жерде да суроо бар экен, бирок биз чечилип кетерине жакшы тилек кылып туралы».
Президент Садыр Жапаров билдиргендей, 20 жылдын ичинде «Кумтөрдөн» жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивиденд алып келсе, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болгон. Быйыл 500 млн долларга чейин киреше алуу пландалууда. Ошол эле учурда «Кумтөр» кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.
Адистердин эсеби боюнча, жакынкы 10 жылда «Кумтөрдөн» кеминде 5 млрд доллардын тегерегинде киреше алууга болот, башкача айтканда, 160тан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат.