Биз менен байланышыңыз

Оштогу тарыхый жайларга, эстеликтерге QR-код коюлат

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 201 | 0

Ош шаарындагы эстелик, айкел, тарыхый жайлардын таржымалын мындан ары QR код аркылуу оңой билүүгө болот. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоор мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен «Ош — Улуу Жибек жолунун провайдери» программасынын алкагында ишке ашырылып жатканы айтылат маалыматта.

Долбоор жаштар арасында тарых жана маданиятты жайылтуу, Ош шаарында жана облуста туризм тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

QR кодду смартфон аркылуу сканерлегенде эстелик качан тургузулган, ал адам ким болгон, кандай адам болгон же бул кайсыл тарыхый жай, анын таржымалы, айтор, ушул өңдүү маалыматты интернеттен көрүүгө болот. Баяндама кыргыз, орус, англис тилинде берилет.

Айта кетсек, учурда Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 20 объектинин жанына QR-код орнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM