Биз менен байланышыңыз

Кызыл китебин күтүп жаткан жаңы конуш: 40 үй талашка түштү

Коом | 4 Апр 2022 | 5283 | 0

Бишкектин четиндеги Ак Ордо-3 конушунун 40ка жакын тургунун үйү талашка түштү. Тактап айтканд, сатып алып, турак жай салышкандан кийин башка жер ээлери чыккан. 

Конуштун жалпы тургуну бүгүн, 4-апрелде убадасын аткарбаганы үчүн президентке нааразычылык билдирип чыгышты. Себеби былтыр президент 1-апрелге чейин жерлери мыйзамдаштырыларын айтканБүгүн Сокулук районунун акими нааразы болгон тараптарга барып, жакын арада 15 миң үйдүн документин бүтүрүүгө убада берди.  

Наргиза Чотоева Ак-Ордо-3 конушундагы жер тилкесин 2019-жылы Чынара Осмоналиева аттуу жарандан сатып алган. Бирок Тамара Молдобаева аттуу аял экөөнү тең басып алуучу катары сотко берип, жеңип чыккан. Эми Наргиза Чотоеванын үйүн түрттүрүп салуу алдында турат.

Чотоеванын айтымында, жердин документтери Чынара Осмоналиевада да, Тамара Молдобаевада да бар. Ал документтерге таянып, үйдү мыйзамдуу сатып алганын айтат.

«Үйүбүз түртүлүп, эртең балдарыбыз менен көчөдө калганы жатабыз. Өткөндө келгенде үч күн мөөнөт берди, ыйлап жатып алып калдык. «Үч күндө 10 миң доллар таап бербесеңер, үйүңөрдү түрттүрөбүз», — дешти. Мына азыр да сот аткаруучулар, аким, айыл өкмөт келди, бирок чечим биз тарапка чыкпай жатат. Жашап жаткан жашоочуларга чыгарып берип, ортодогу жер саткан аялдардыкын жокко чыгарып салышын суранат элек».

Алган үйүнөн кол жууп отурган бир эле Наргиза Чотоева эмес. Тургундардын айтымында, конуштагы дээрлик 1 квартал же болжолдуу 40 үй учурда талашта турат.

Конуштун тургуну Орозбүбү Акматалиева эмки үмүтү жогорку бийликте экенин айтат.

«Садыр Нургожоевич, ушул соттор адилеттүү болсо, «ак ийилет, бирок сынбайт» дейт. Мен ушунча жылдан бери тилимди тишиме басып, унчукпай келдим. Булар болсо, сөгүнүп-сагынып, мыкаачылык, адепсиздик менен мени коркутушту. Мен эми карып калган адаммын. Эми адилеттүү болсоңор, менин 8 сотых жеримди өзүмө чечип, кайтарып берүүңүздөрдү суранам».

Тамара Молдобаева айтылган дооматтарды четке кагып, мыйзамдуу ээси экенин билдирди. Ошону менен бирге ал тургундардан эч кандай акча талап кылбаганын, ошондой эле Чынара Осмоналиеванын өзүнө жолугууга мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

«Бул жакында эле болуп жаткан иш эмес, буга 5 жыл болду. Чынара Осмоналиева деген фальсификация менен меникин алып, анан сатып баштаган. Ошондогу тастыктаган сүрөттөрүм да бар. Кол алышып туруп, «документиңизди алып келсеңиз чалбайбыз» деген. Документтерди алып келсем да, чалып башташты. Мени ташбараңга да алышты. Анан булар: «Сот сатылган», — деп жатышат. Мейли сатылган болсун, Чүйдүкү да, Жогорку Сот да — баары эле сатылган болуп калабы? Карапайым элди түшүнөм, мен да карапайыммын. Булар болгону жерди бошотуп эле койсун, андан башканы сураган жокмун».  

Жердин биринчи ээси делген Чынара Осмоналиеванын да пикирин уктук. Осмоналиева 2015-жылы мамлекеттик каттоодон өтүп, жердин биринчи ээсинен сатып алган. Жерге тийиштүү бардык документ колунда болгондуктан, мыйзамдуу түрдө саткан. Бирок 2019-жылы кайдан-жайдан дагы бир документтер Тамара Молдобаеванын да колунда пайда болуп калган. Осмоналиеванын пикиринде, Молдобаеванын колундагы документтер жасалма.

«2019-жылга чейин документтер менде болгон. Анан 2019-жылы кандайдыр бир себептер менен Молдобаевага өтүп кетип жатат. Молдобаевага түз эле өткөн жок, ортодогу кишилер бири-бирине өткөрүп беришкен. Кандай жол менен, мен аны түшүнө албайм. Ошентип төртүнчү киши болуп, Тамарага өткөн. Анан колундагы документтер менен барып, аларды сотко берди. Менин пикиримде, анын колундагы документтер жасалма».

Мындай маселелерге байланыштуу бүгүн, 4-апрелде Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караган Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдун буга чейинки убадалары аткарылбай жатканына нааразы болуп, топтолушту.

Былтыр президент 1-апрелге чейин жерлерин мыйзамдаштырып, жолун асфальттатуу убадасын берген. Бирок ушул убакка чейин айткандары орундала элек.

Сокулук районунун акими Курманбек Айтибаев президент тарабынан берилген тапшырма айтылган убагынан да тез аткарылып жатканын, үйдүн «кызыл китеби» аз күндө бериле баштаарын билдирди. Ал эми талаш жерлер боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

«Ал жерлер учурда сот процедурасында экен. Ал жерге мага кошулуп, райондун прокурору, милициянын начальниги, айыл өкмөт башчысы, мамлекеттик каттоонун кызматкери барды. Укук коргоо органдары айтты, болушунча кеңеш беришти. Бүгүнкү күндө ал сот процедурасында экен. Сотко биз аралаша албайбыз. Жумуш ошондой. Жер талаш маселесин сот чечет деп айттык. Ал эми үйлөрдү сүрдүрүү же калтыруу соттун жыйынтыгына жараша болот».

Акимдин айтуусунда, жалпы Новопавловка айыл өкмөтү боюнча 900 гектарга жакын аянтты ээлеген 15 миң үйгө документ даярдалып жатат.

Былтыр президент май айына чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек экенин эскерткен.

Өлкө башчы аталган ишти жөнгө салууну президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге дайындаган.

Бирок документ иштери аягына чыгып, чыкпай, президенттин жарлыгы менен Эркин Тентишев кызматынан бошотулуп, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Анын ордуна Нурил Алымбаев бекиди.

Copyright © 2017 Maral FM